Сейтказиева Дамира Нурдиновна

Соц.педагог

Сейтказиева Дамира Нурдиновна 1965-жылы 7 -августа Чүй облусундагы, Токмок шаарында туулган. Улуту кыргыз. Эне тили кыргыз тили.
1972-жылы Токмок шаарындагы 5 мектептин босогосун аттап, 1980-жылы 8 -классты аяктап, Токмок шаарындагы медициналык кесиптик окуу окуу жайга тапшырып, 1983-жылы ийгиликтүү аяктап, медайым деген кесипке ээ болгон. Ошол эле жылы Кемин районунун, Чым-Коргон айылындагы Республикалык психоневрологиялык больницасында эмгектенген. Ал жерде 1994-жылга чейин эмгектенип, үй шартына байланыштуу иштөөнү токтоткон.
2006-жылы Токмоктогу индустриально-педагогикалык техникумга өтүп, кыска мөөнөттүү окутулган курсту ийгиликтүү аяктап, ПК колдонуучусу деген кесипке ээ болуп,диплом алган. Ошол эле жылы Чүй облусунун, Кемин районундагы, Чым-Коргон орто мектебине секретарь-делопроизводитель, информатика мугалими болуп эмгектенип баштаган.

2010-жылы КАОдон кыска мөөнөттүү курсту окуп, социалдык педагог деген сертификатка ээ болгон.
2016-жылдан баштап ушул мектепте социалдык педагог, информатика мугалими болуп эмгектенип жатат.
2017-жылы Бишкектеги Кыргыз-Орус билим берүү академиясына тапшырып, 2020-жылы аяктап, «Педагогика,психология» деген кесипке ээ болуп, диплом алды.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кызды тарбиялап келетат