Меркибаева Гулжан Жолдошбаевна

Башталгыч класс мугалими

Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү  орто мектеби. Меркибаева Гулжан 1957.27.03. Кемин районуна караштуу Кайынды айлында туулган. 1974-ж. орто мектепти бүтүргөн. 1974-жылдан 1981-жылга чейин Чоң-кемин совхозундагы бала бакчада тарбиячы болуп иштеп келген. 1981-жылы Кыргыз кыз келиндер институтуна кирип 1986-жылы аяктаган. 1986-жылдан 1990-жылга чейин Карл Маркс колхозуна караштуу балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеген. 1990 -жылдан бери, азыркы күнгө чейин Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштейт.

Үй-бүлөлүү,  4 уул, 1 кыздын энеси