Масылова Айнура Садыковна

Директор

Айнура Садыковна 1975-жылы 5-августта Бишкек шаарында төрөлгөн.Ал Нарын областындагы Жумгал районундагы Мин-Куш шаарчасында өскөн.Аталган шаарчадагы М.Горький атындагы мектептин босогосун аттап, аны 1992-жылы ийгиликтүү аяктаган.1992-жылы Бишкек Гуманитардык Университетине кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшырып,аны 1997-жылга чейин сырттан окуп, кыргыз тили жана адабияты окутуучусу адистиги факультетин аяктап Жогорку билим алган.1993-жылы Чүй районундагы №61 орто окуу жайында мугалимдиктен  эмгек жолун баштаган,1994-жылы 17-августтан баштап Кемин районундагы А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебине башталгыч класстардын мугалими болуп кабыл алынып,1998-жылдан баштап өз адистиги кыргыз тили мугалими болуп иштеп баштаган.2011-жылдын 1-февралында аталган мектептин директору болуп дайындалып,2013-2014-жылдын ноябрына чейин үй бүлөлүк шартка байланыштуу кызматын тапшырып ушул мектепте социалдык педагог кызматын аткарып,кайрадан коллективдин каалоосу менен 2014-жылдын 18-ноябрынан баштап директорлук кызматта  талыкпай эмгектенип келет.

Ал учурда үй-бүлөлүү, 4 кыздын,1 уулдун апасы.