Бейшеналиева Асылкан Абдысатаровна

Математика мугалими

Бейшеналиева Асылкан Абдысатаровна 1971-ж. 10-июнда Чүй облусундагы кеин районуна караштуу Чым-Коргон айылында туулган. Улуту кыргыз. Эне тили-кыргыз тили.

1978-ж. Чым-Коргон орто мектебинин босогосун аттап, 1988-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумуна өтүп, аталган окуу жайдын «Бухгалтердик эсеп» факультетин кызыл диплом менен аяктап, ошол эле жылдан 1988-1992-ж.ж.чейин Балыкчы шаарындагы жашылча-жемиш  базасында бухгалтер болуп эмгектенген.

1994-2001-ж.ж. Чүй районундагы №61 кесипчилик лицейинде өндүрүштүк окутуунун устаты, мугалим, 2001-ж. сентябрь айынан  2002-ж. январь айына чейин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип, 2002-ж. январь айынан Чым-Коргон айыл өкмөтүнө башкы бухгалтер болуп которулду.

2002-ж. декабрь айынан А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинде математика мугалими болуп эки тарапта иштеп, 2004-ж. туруктуу математика мугалими болуп которулду

2011-ж. февраль айынан 2012-ж. сентябрь айына чейин аталган мектептин окуу бөлүм башчысы болуп эмгектенди.

Азыркы убакта А.Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип келатат.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызды тарбиялап келатат.