Асанбаева Чолпон Өмүрбековна

Англис тили мугалими

Асанбаева Чолпон Өмүрбековна 1978-жылы 14-июнда Ысык-Көл областына караштуу Каракол шаарында туулган. 1984-1995-ж.ж Каракол шаарындагы √11 М. Горький атындагы мектеп гимназиясында окуган.
1995-1999-ж.ж. Каракол шаарынын Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. 1999-2002-ж.ж. Каракол шаарынын педагогикалык колледжинде англис тил мугалими болуп эмгектенген. 2012-2015-ж.ж. Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин магистратура бөлүмүн аяктаган. 2002-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Абдыкайыр Казакбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенет.

Учурда үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кызды тарбиялап келатат.