Абдылдаева Динара Бегалыевна

Башталгыч класс мугалими

Абдылдаева Динара Бегалыевна 1985-жылы 26-ноябрда Чүй облусундагы, Чүй районуна караштуу Шамшы айылында туулган. 1992-жылы Шамшы орто мектебинин босогосун аттап, 2003-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап окуп бүтүргөн. 2005-жылы Токмок Индустриалдык Педагогикалык Техникумуна тапшырып, 2008-жылы окууну аяктады. 2010-жылы Чым-Коргон айылына турмушка чыгып, эки баланын энеси болду. 2016-жылы Абдыкайыр Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебине сүрөт, кол эмгек сабагынын мугалими болуп кирген жумушка. Ошол эле жылы И.Арабаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, 2020-жылы ийгиликтүү аяктап бүтүрдү. 2017-жылы сүрөт, кол эмгек сабагынын мугалимдигинен, башталгыч классынын мугалими болуп которулду. Ошондон бери башталгыч классынын мугалими болуп иштеп эмгектенип келе жатат.