Жалпы ата-энелер жыйналышы.
Бүгүн 13-сентябрда, мектепте жылдык пландын негизинде #1 Жалпы ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.Ага ата-энелер, ИДН кызматкери, мугалимдер, кызыкдар коомчулук, ата-энелер катышты.Күн тартибинде: Өткөн окуу жылына анализ, ЖРТнын жыйынтыгын талдоо, ремонттун болушу, китеп менен камсыздоо, кылмыштуулукту алдын-алуу, тартип тууралуу, ата-энелер тарабынан тамактанууну уюштурууга болгон колдоо жөнүндө маселелер каралып, талкууга алынды.Ата-энелер жыйынтыгында мектептин ишин жакшыртууга, билим сапатын көтөрүүгө, ПИЗА 2025ке, ЖРТга татыктуу даярданып катышууга, китеп менен камсыздоого, укук бузууларды алдын-алууга көмөк көрсөтүшүп, келечекке болгон салымдарын кошууга болгон күч аракеттерин жумшоого ой-пикирлерин билдиришти. Жылдагыдай 16пункттан турган келишимдер түзүлдү.Ата-эне, мектеп бириксе, балдарда болот келечек!-деп жакшы ой максат, изги тилектер менен чогулуш аяктады.
Комментарии