Мамлекеттик тил деп согот дилибиз, Мамлекеттик тилде жүрөт ишибиз…дегендей кече, 25-сентябрда улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо, тилибизди өнүктүрүү максатында, жалпы пландын негизинде «Тил- биримдик тиреги» аттуу жыйынтыктоо иш-чара болуп өттү.Ал Кыргыз тилинин Гимни менен башталып, окуучулардын мыкты деген концерттик номерлери менен коштолуп, көпчүлүктүн сынына окуучулардын колу менен жасалган көргөзмө тартууланды.Албетте, мындай иш-чаралар сабактардан кийин өтүлүп, окуучуларыбызды жоопкерчиликке, тартипке негизгиси патриоттуулукка багыттап келүүдөбүз деген ойдобуз.
Комментарии